Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден сынак тапшырсын деген талап жок. Мындай маалымат "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтылды.
Аталган фракцияда жарандык активист Канышай Мамыркулованын "Бишкектин мэри Азиз Суракматов мамлекеттик тил сынагын кайрадан тапшырсын" деген кайрылуусу боюнча маселе каралып жатат.
Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Суракматов кандай шартта кайрадан сынак тапшырууга макул экендигин айтып берди.
“Биз сынактан мыйзам чегинде өтүп келдик. "Кыргызтесттен" кайра өтөлү. Бирок жоопкерчиликти ким алат? Себеби сынакты тапшырып чыксак "эми кайрадан шайлоого катышкыла" деп талап кылышса эмне болот? Биз "Кыргызтесттен" өтүүгө даярбыз. Бирок буга чейин мэрияда бир топ документтерге кол коюп, айрымдарды кызматтан алдык. Алар бизди сотко берсе эмне болот?” - деди ал.