Ирина Карамушкина: "70 жаштан ашкан жарандарды дарылоодо акы алынбашы керек"

"Улуттук госпиталга кайрылган 70 жаштан өткөн жарандардан акы алынбашы керек. Эмне үчүн улгайган бейтаптар экинчи жолу ооруканага кайрылса акы төлөшөт экен" деп бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Ирина Карамушкина Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө кайрылды.

Чиновник жооп бергендей, аталган госпиталга экинчи жолу кайрылган бейтаптар дарылануу үчүн акы төлөшөт.

“Мыйзам боюнча 70 жаштан ашкан жарандар акысыз тейленет. Эгер алар эки жолудан ашык ооруканага кайрылса, дарынын кымбат же арзандыгына карабай болгону 200 сом төлөшөт. Бул боюнча өкмөттүн токтому бар”, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
arno2008
2018-10-12 22:20:50
Акы алынмак тургай айтышат, карып калыптыр үйдөн карагыла деп.Кары адам канча карасаң да ооруйт да,анан акча берип каратасың диагнозун аныктап берсе гугулдан сурап дарылайбыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан