Ушул жылдын 9 ай аралыгында Ички иштер министрлигинин катарынан 109 кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын башчысы Талантбек Акматов билдирди.
"Ушул жылдын 9 ай аралыгында 109 кызматкер иштен алынды. 59 кызматкерге кылмыш иши козголгон. 112 кызматкер жоопко тартылды", - дейт Акматов.
Ошондой эле мурда соттолгон жаран "милиция кызматкерлери сабады" деп арыздангандыгы боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын билдирди. Маалым болгондой, "ур-токмокко алды" делген милиция кызматкерлери учурда камакта.
"Тергөө амалдары аяктай элек. Анын кызыкчылыгына байланыштуу көп маалымат ачыкталбайт", - деди Акматов.