Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү колдоого муктаж балдардын жалпы санын айта алган жок

"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коргоого муктаж болгон канча бала бар?” деп бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңешттин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Карамат Орозова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнөн сурады.

Аталган мекеменин өкүлү депутаттын суроосу боюнча толук маалыматы жок экенин айтып, тактап, анан жооп берерин убадалады.

Депутат анын өз милдетин билбегендигин сынга алды.

“Социалдык өнүктүрүү министрлигинин милдети - күбөлүгү жок балдарга колдоо көрсөтүү. Алар эч кандай мамлекеттик колдоого алынбайт. Анткени алар никесиз төрөлгөн жана дагы башка ар кандай себептер менен күбөлүк албай калгандар. Бүгүнкү күндө 40 миңге жакын адам мамлекеттик колдоого алынбайт экен. Бул боюнча тийиштүү чаралар көрүлүшү керек”, - деди депутат Орозова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан