"Карызды максаттуу пайдаланганыбызда Түштүк Кореяга жетмекпиз". Акылбек Жапаров эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөгө канча карыз алынганын айтты

“Эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөгө 10 миллиард доллар каражат кирген. Анын 7 миллиард доллары карыз. 3 миллиарды грант". Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес.

"Булар максатттуу пайдаланылганда Түштүк Кореяга жетип калмакпыз. Эң катачылыгыбыз ушул болду. Учурда 7 миллиард доллар карыздын 3 миллиард долларын кайтардык. Каражаттардын 25 пайызын жол курууга кетирдик. Бирок жолду карабай койдук. 22 пайызын энергетикага салдык. Ал акча бул тармактын жыртыгын жамаганга эле кетти. Дүйнөдө "кошунадан карыз албаш керек" деген түшүнүк бар. Бирок биз аны сактаган жокпуз. 2011-жылдан баштап бир кошунабыздан көп карыз ала баштадык. Аны ким алып, каякка сарптатканын атайын органдар аныкташы керек", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Natun
2018-10-12 12:12:32
Эн көп алынган дагы, эң көп уурдалган дагы тышкы карыз Атамбаевдин уагында болуптур. Атамбаев мамлекеттин мүлкүн уурдагандан сырткары карыз алуу, аны өөнөп калуу боюнча да рекорд коюптур
0
almir
2018-10-13 09:48:11
Аскарчикти чакыргыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан