Асылбек Жээнбеков саламаттыкты сактоо министрин мыкты менеджер болууга чакырды

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков буга чейин саламаттыкты сактоо министри болгондор мыкты менеджер боло албаганын айтты.

“Саламаттыкты сактоо тармагында акча аз деген туура эмес. Акчаны туура пайдалануу менен жакшы реформаларды жасоого болот. Бизде мыкты менеджер жетишпейт. Буга чейинки министрлер менеджер боло алган жок. Сиз эми мыкты менеджер болуп бериңиз”, - деди Жээнбеков.

Мындан сырткары ал Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн акчанын жалпы суммасы тууралуу маалымат сурады.

Министрликтин өкүлү депутаттын суроосуна быйылкы жыл үчүн 15 миллиард сомдон ашык акча каралган деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан