Бишкек ШИИББи: "Кесиптешине ок чыгарган милиция кызматкеринин окуясын жашырган жетекчилер кызматтан алынды"

"Империя пиццы" кафесинде мас абалында ок чыгарган милиция кызматкери жумуштан бошотулду. Окуяны жашырууга аракет кылган 10 жетекчи жоопко тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

"Иликтөө иштеринин алкагында ок чыгарган милиция кызматкери жумуштан алынды. Бул окуяны жашырууга аракет кылган Биринчи Май РИИБинин жана Бишкек ШИИББинин 10дой жетекчиси жоопко тартылды. Ал эми октон жаракат алган милиция кызматкерине окуя тууралуу билдирбегенине байланыштуу ага сөгүш жарыяланган. Орозбеков көчөсүндөгү кафелердин биринин жанындагы ок атышуу боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди Рахманов.

Белгилүү болгондой, бул жерде милиция кызматкерлери атышкан эмес. Ал жерде уурулук фактысы болгон. Кафеде эс алып жаткандардын бири сумкасын уурдатып кийин ал жерде эс алып жаткан милиция кызматкерине кайрылган. Эс алуучулардын ортосунда териштирүү иштери болуп, сумка уурдаган адам качууга аракеттенген учурда абага ок атылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2018-10-12 12:58:38
Койгулачы афиристтер
+4
Jigitchem
2018-10-12 13:42:40
Илгери илгери деп баштасанар окшошот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан