Эсептөө палатасынын төрагасы: "Карызды учурунда иштетпегендигибиз үчүн 4,6 миллион доллар төлөдүк"

Улукбек Марипов"Мамлекеттик карыз учурда 4,4 миллиард долларга барабар. Ал ИДПнын 56,4 пайызын түзөт". Аталган маалыматты каржы министри Адылбек Касымалиев "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтты.

"Көпчүлүгү 40 жылга чейинки мөөнөткө берилген. Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 25,5 миллиард сом каралган. 2015-жылы Кытайдын Эксимбанкы карызыбыздан 1,6 миллион долларды кемиткен", - деди ал.

Ал эми Эсептөө палатысынын төрагасы Улукбек Марипов карыздардын көпчүлүгү жол курууга жана электр тармагына жумшалган.

“Өз учурунда каражатты иштетпегендигибиз үчүн каражат берген тарапка 4,6 миллион доллар төлөгөнбүз. Энергетика, транспорт тармагына көп насыялар жумшалып жатат”, - деди Марипов.

Учурда фракция мамлекеттик карыз тууралуу маалымат угууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Natun
2018-10-12 12:36:49
Жебеген самсыга пул төлөттүргөн эргулдардын чөнтөгүнөн ошончо каражатты төлөтүү керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан