"Ар бир министрлик өз алдынча эле карыз ала берип, эми кыйын абалга кептелдик". Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
Ал карыздарын төлөй албай калган мамлекеттер кыйын абалга туш болуп жатканын эске салды.
"Азыр карызыбыздын көп экендиги улуттук коопсуздукка коркунуч туудурууда. "Кумтөр" иштебей калган учурда эмне болот? Анан эмне кылабыз? Мен Шри-Ланкага барып, мамлекеттик карызы үчүн 99 жылга берилип кеткен портту көрүп, тургундар менен сүйлөштүм. Мындай абал Тажикстанда да орун алды. Буларды көрүп кандайдыр бир чечим кабыл алып жатасыңарбы? Өлкөбүз каржылык көз карандылыкка батып калды", - деди ал.
Каржы министри бул тууралуу атайын стратегияларга тийиштүү чаралар киргизилип, абалдан чыгуу каралып жатканын айтты.