Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууга кар жаады. Башкармалык айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырды

11-октябрда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууга кар жаады. Мындан улам Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана түн ичинде жол жүрбөөгө чакырды.

"Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздайт. Ага карабай ар бир айдоочунун жол жүрүүдө унаа каражатынын техникалык абалы даяр болушу керек. Кырсыктардан оолак болуу үчүн караңгы учурда жолго чыкпооңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан