Абактан бошотулган Чыңгыз Анарбек уулунун жакындары аны Кыргыз жерине өткөрүп берүүнү суранышат

Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу абактан бошотулду. Агасы Алмаз Анарбеков эми Чыңгызды Кыргыз жерине өткөрүп берүүнү сурана турганын 12-октябрда SUPER.KG'ге кабарлады.

"Иним азырынча абакта. 21-октябрда үй камагына чыгарылат экен. Соттун чечимине ылайык, Чыңгыз эми 1 жыл 6 ай Мосвка шаарынын аймагынан эч кайда чыкпай, кара жумушта иштеп, алган айлыгынын 15 пайызын өкмөткө төлөп бермекчи. Кандай жумушта иштейт, канча акча төгүп берүүгө милдеттендирилгени белгисиз. Жумушту өкмөт өзү таап берет окшойт. Бирок биз тийиштүү министрликтерге кайрылып, аны акырындык менен Кыргыз жерине өткөрүп берүүнү суранабыз", - деди Анарбеков.

Ал эми кырсыктан жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жарадар болгон. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айткан.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
dinar-87
2018-10-12 13:19:15
Ушунусуда шугур кылгыла .1жарым жылда коз ачып жумганча оттуп кетет эн башкысы камактан бошотулуптургоо.
+37
gulmira90
2018-10-12 14:18:01
Аллахка шүкүр макул иштеп берсе да за то бошотулду го уже 8 ай өтүптүр дагы 7 ай калат да ошондо!жакшы жаңылык жүрөгүңө дем күч берет
+17
Pandora
2018-10-13 10:20:25
gulmira90,Тушунбодум,кантип эсептеп жатасынар? Кайдагы 8ай? Окуянын болгонуна 4ай болуп жататго.
+1
mentol
2018-10-13 12:21:53
Pandora, Сизодо отурган бир кунун эки кунго эсептелинет, ошондо 8ай болуп калат
+5
Alia82
2018-10-12 14:55:25
Жакшы болуптур женилдешинер менен! Кырг.га келип не кылат иштеп журоберсин бир жыл тез эле отуп кетет
+9
Bars88
2018-10-12 16:57:37
Alia82,Кайра башка паспорт алып берип жонотушмок да.Бошонгонуна суйунуш керек нысапсызга кашык салсан беш ууртайт болдуго
+8
Pandora
2018-10-13 10:22:53
Bars88,Кайра,башка паспорт алса болбойтго.Жузу баарына белгилуу болуп калды да.
+5
al-abu-kinesz
2018-10-12 21:50:26
Кудайга шугур ото жакшы чечим чыгыптыр. 15% эмес 50 % десе да жарашмак.
+6
Baku88
2018-10-13 09:57:08
Мыйзам боюнча жооп бергенге милдеттүү иштеп берсин бат эле өтөт
+8
Pandora
2018-10-13 10:21:54
15% норма,керек болсо россиянын озунун эли деле 13% толойтго,аырмасы бироого жаза болсо,озунун элиники пенсияга.
+5
titanik32
2018-10-13 10:35:44
Берки Нурлан Муратов эмне болду экен?метродо полицияны неме кылды деп карандай доомат менен камап коюшту эле.
+7
admin_portal
2018-10-14 17:50:54
titanik32, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
fanatka19
2018-10-13 18:43:50
Бактылуу экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан