Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Дастан Бекешев саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар кемчиликтерди айтты.
Ал саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгон аялдын окуясы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын сурады.
"Жакында эле Нургүл Имангалиева деген аял төрөттөн каза болду. Артында төрт баласы калды. Дарыгерлер аны төрөтүүдө көп катачылык кетирген. Төрт жолу операция жасалыптыр", - деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министри аталган окуя боюнча жыйынтык чыга электигин айтып, тиешелүү комиссия учурда териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Мындан сырткары эл өкүлү Бишкек шаарындагы бейтапканалардын саны жетишсиз экенин белгилеп, ооруканалардын кире беришинде бахила сатууну токтотуу керектигин айтты.
Космосбек Чолпонбаев бул маселени терең изилдеп, чечим чыгара турганын билдирди.