“2025-2026-жылдары 330 миллион долларды карызыбыз үчүн төлөйбүз". Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кытайлык Эксимбанктан эмес, Кытай мамлекетинин өзүнөн карыз алса ыңгайлуу жана коопсуз болмок.
"Жер-Үй" алтын кенин сатпай өзүбүз иштетсек мамлекеттик карызды кыйналбай төлөп кетет элек. Ал жерди алган инвестор жылына 1,1 миллиард доллар киреше алат. Бул кенде алтынды эң ыңгайлуу жол менен өндүрүшөт. Аны болсо биз 100 миллион долларга сатып жиберип отурабыз. Саткандар болсо туура кылдык деп мактанып жатышат", - деди Жапаров.