Социалдык өнүктүрүү министрлиги быйыл канча балага жөлөк пул берилгенин айтты

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында социалдык өнүктүрүү министринин статс-катчысы Каныбек Абдиев быйылкы жылы канча балага мамлекеттик жөлөк пул берилгени тууралуу маалымат берди.

Статс-катчынын айтымында, "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга ылайык жөлөк пул берүүнүн 3 түрү каралган.

"Мамлекеттик жөлөк пул ар бир бала төрөлгөндө үй-бүлөнүн кирешесине карабай туруп 4 миң сом өлчөмүндө сүйүнчү пул берилет. Андан кийин жардамга муктаж 16 жашка чейинки балдарга жана майып балдарга жөлөк пул берилет. Быйылкы жылы жалпысынан өлкө боюнча 61 миң балага сүйүнчү пул берилди. Үй-бүлөгө көмөк иретинде 247 миң балага жөлөк пул берилди. Ал эми социалдык жөлөк пулду алган балдардын саны 44 миңден ашуун”, - деди Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан