Жусупбек Шариповдун Молдовага да элчи болуп дайындалышы тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматы жок

2-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жээнбек Кулубаевди Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилик кызматына дайындоого макулдук берген. 10-октябрда тиешелүү дайындоо боюнча президент жарлыкка кол койгону маалым.

Андан мурда, 25-сентябрь күнү Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз мамлекетинин Украинадагы элчиси Жусупбек Шариповго Молдова өлкөсүндө да элчилик милдетти аткаруусуна макулдук берген. Бирок ушул күнгө чейин бул дайындоо боюнча президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол коё элек. Президенттик аппараттын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, президенттин агасын Молдовага элчи кылып дайындоосу тууралуу маалымат жок экенин билдиришти.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан