Саламаттыкты сактоо министри мамлекеттик ооруканалардагы лабораториялардын диагнозуна 50 пайыз ишенет

“Мамлекеттик ооруканалардагы лабораториялардын диагнозу 100 пайыз туура" дегенге канчалык ишенесиз?” - деп бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев саламаттыкты сактоо министринен сурады.

Эл өкүлү лабораториялар туура эмес диагноз бергендиктен жарандар ооруга тиешеси жок дары-дармекти колдонуп жатканын айтты.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев мамлекеттик ооруканалардагы лабораториялардын диагнозуна жарым-жартылай ишенерин айтты.

“Мен 50 пайызга ишенишим мүмкүн. Бул систем мен министр болуп келгиче түзүлгөн. Учурда бул биздеги эң көйгөйлүү маселе болуп жатат. Мындан ары өкмөттүк лабораториялык кызматты түзүп өзүбүзгө жоопкерчилик алуубуз керек. Ошондой эле жеке лабораториялардын ишине көзөмөлдү күчөтөбүз”, - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alia82
2018-10-12 18:22:58
Олаа ооруйт же оорубашы да мумкун дегендейле результат чыгат экен да
-1
jasgul
2018-10-13 09:20:20
Андан да келишим тузуп алып, частныйларга жонотуп врачтар доля алат го. Аны деле козомолдогуло да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан