Акыркы 3 жылда Кыргыз өлкөсүндөгү ветеринардык абал жакшы. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Чек ара ветеринардык-санитардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөн Ырсалиев кабарлады.
Анын айтымында, аталган башкармалыкка Казакстан тараптан Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлүп чыккан эт продукцияларына чектөө киргизүү боюнча кат келип түшкөн.
"Бизге расмий каттын келип түшкөнүнө 1 сааттай болду. Азыркы тапта катты окуп, ага жооп даярдап жатабыз. Казак тарап жиберген катта алар кайсы фактыларга таянып чектөө киргизип жаткандыгы боюнча так жазылган эмес. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн аймагында акыркы 3 жылда эч кандай ветеринардык оорулардын массалык түрдө катталуусу орун алган эмес, абал жакшы", - дейт Ырсалиев.
Айта кетсек, бүгүн, 12-октябрда Казак басылмаларында Кыргыз өлкөсүнөн алынып келүүчү эт продукцияларына чектөө киргизилгендиги тууралуу маалымат тараган.