Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.
Окууну бүтүп, шаарга келип медициналык окуу жайга тапшырдым. Туугандарыма жүгүмдү артпайын деп жатаканага чыгып, окуумду да ийгиликтүү аяктадым. Анан борбордогу ооруканалардын бирине жумушка орноштум. Бир күнү автокырсыкка кабылып бир жигит ооруканага түштү. Ийне сайып, сакайып кеткенче карадым. Ал мени тамашакөйлүгү менен арбап алды. Ооруканадан чыккандан кийин ар дайым мени тосуп алып, чогуу сейилдейбиз. Өзүмчө толкундангандыктан, бутум жерге тийбей басып бараттым. Өмүрүмдө биринчи жолу жигит менен сүйлөшүп жатканымдан ошентсем керек. Ошол күндөн тартып анын тамашасын, күлкүсүн бир күн укпасам куса болуп калчумун. Караанын алыстан көргөндө жөн басып барбай, чуркап жеткенге шашат элем. Анын бооруна кирип эркелегим келчү. Бир жыл сүйлөшүп, анан баш коштук. Өз алдымча үй-бүлө күтүп, мени коргогон адамым пайда болгонуна кубанып жүрдүм. Жыл айланбай балалуу болдук. Эне мээримине балкып, жолдошума болгон сүйүүм мурдагыдан дагы артты. Бир күнү апам чалып сиңдимди окууга жиберерин айтты. Акча тартыш болгондуктан "бир жыл баламды карап тур, кийинки жылы окутабыз" деп көндүрдүм да, жумушка чыгып алдым. Баламды карап, үйүмдү жыйнап колум бир топ узарып калды.
Бир тууган сиңдим келип сүйүнүп эле калдым. Бирок өспүрүм куракта болгон үчүнбү мүнөзү бир аз түнт, оңой менен чечилип сүйлөбөйт. Жумушка үч күн түнү, үч күн күндүз чыкчумун. Мен жокто баламды карап, жездеси менен жакшы тил табышканын көрүп сүйүнүп калам. Сиңдим келип түгөл үй-бүлө болгонума кубанып, көп нерсеге көңүл бөлбөй жүрө бериптирмин... Жарым жылдай убакыт өткөн соң сиңдимдин кош бойлуу экенин билдим. "Кимден экенин ачык айт" деп бурчка такасам, "жездем..." деп мукактанып ыйлап жиберди.
Окуяны толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүз.