Баткенде кутурган ит тиштегилеп салган 8 жаштагы баланын абалы оор

Баткенде кутурган ит тиштегилеп салган 8 жаштагы баланын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-октябрь күнү саат 15:00дө Баткен облустук ооруканасына 8 жаштагы бала келип түшкөн.

"Медициналык кароодон кийин анын башы, моюну, бети тиштелгени, мындан улам баш мээсинен катуу жаракат алганы аныкталган. Бала нес абалда алып келинген. Ага алгачкы хирургиялык операция жана эмдөө жасалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айта кетсек, бүгүн, 12-октябрда Баткен облусуна караштуу Ак-Турпак айылында талаада иштеп жаткан атасына тамак алып бараткан 8 жаштагы баланы ит тиштеп алгандыгы тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ziash85
2018-10-12 19:21:37
Байкуш бала ай!!!тезиреек сакайып ата-энеңди кубандырсаң экен
+25
ice87
2018-10-12 19:38:32
Ииий жакшы болуп кетсин(((Тестиер бала деп жумшай койгон да.Аллах шыпаасын берсин!
+17
Alia82
2018-10-12 19:40:38
Кудайым шыпаасын берип айыгып кетсе экен
+14
titanik32
2018-10-12 19:55:52
Аллахым шыпаасын берсин,бат айыгып кетсин байкуш бала.
+12
i1urp
2018-10-12 19:58:44
Тенирим кырсыктан сактасын.
-12
Gulnyr19
2018-10-12 22:00:10
Алла шыпаасын берсин
+3
Missing-u
2018-10-12 23:55:35
Жакшы болуп кетсин негизи кутурган итти айыл окмоттон ит атаар келип атып оздору алып кетип атайын казылган жерге комуп ал жерди дезинфекция кылып бут иттерди атып жок кылышчу эле азыр аны деле кылбай калышыптыр. Биздин ит кутургансып баштаганда айыл окмотко чалсам олтуруп озунор комуп кое бергиле же окко 600 с бергиле деди озум даары берип олтуруп,адамдар алыс жашаган жака комдуруп устуно хлор чачтык. Бизго мейли кочодогу ээси жок иттерди ким карайт?! Бироону тиштесечи ким жооптуу?!
+11
Kaary
2018-10-13 07:16:05
Атасын, дагы бириңди бириң өлтүрбөй ушундай иттерди өлтүрүп сооп тапкылачы?! Жүгөрүгө жашынып качып да отурбайсың
+1
Baku88
2018-10-13 10:08:15
Өткөндө өлгөн да баткендик беле. Негизи опасный, баланын келечеги мени абдан ойлондуруп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан