Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаганда социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Парламент жыйынында эл өкүлү анын сунушу социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айткан.
Мындан улам SUPER.KG порталынын "Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Ал социалдык түйүндөр сөз эркиндигинин бир тармагы болуп калганын белгиледи. "Социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында экстремисттик, террорчулукка байланыштуу же кандайдыр бир адамды өлтүрүү, жок кылуу тууралуу сөздөр болсо тийиштүү органдар реакция жасашы абзел. Социалдык тармактарда депутат Махабат Мавлянованын жеке өзүнө эмес, көтөргөн маселеси боюнча жарандар абдан курч пикирлерди айтышкан. Менин оюмча, ал пикирлер жүйөлүү болгон. Анткени депутат көтөргөн маселе азыркы тапта жүзөгө ашырылышы биздин улуттук коопсуздугубузга чоң кедергисин тийгизет. Ошондуктан Мавлянованы жамандап койду деп жарандарга куугунтук, жаза болбош керек.
Социалдык түйүндө азыркы сөз эркиндигинин кандайдыр бир тармагы болуп калды. Айтылган көйгөйлөргө реакция жасалып, маселелер чечилиши керек. Ошондо социалдык тармактарда нааразычылыктар азаят. Азыркы бийлик мурунку бийликтин катасын кайталабашы зарыл. Эч бир адамга куугунтук болбошу керек", - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова, адвокат Нурбек Токтакунов, медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.