Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаганда социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Парламент жыйынында эл өкүлү анын сунушу социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айткан.
Мындан улам SUPER.KG порталынын "Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?" деген соболуна адвокат Нурбек Токтакунов жооп берди.
Ал ар бир адам сотко берүүнү өзү чече турганын белгиледи. "Жалган маалымат сүйлөсө жоопко тартса болот. Бир адам жөнүндө так эмес каралоо маалымат таратылса, анда ал сотко берсе болот. Бирок маалыматтар такталып, далилдениши керек", - деди Токтакунов.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова, жарандык активист Адил Турдукулов, медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.