Рак оорусунан улам бир көзүнөн ажыраган Эрмектин экинчи көзүн сактап калуу үчүн жардам керек

Жарык дүйнөгө келгенден тартып оору менен күрөшүп келе жаткан Эрмек көздүн рак оорусунан жабыр тартат. Баласынын жанынан чыга албай, айланчыктап жарым карыш чыга албай жаткан Асель Кудайбергенованын айтымында, баласы тез аранын ичинде операцияга муктаж.

"Эрмектин 2 көзү тең рак оорусунан жабыр тартат. Операция жасатып 27-апрелде баламдын бир көзүн алдырып, ал эми экинчи көзүн атайын дарылоо курсунан өткөргөнбүз. Азыркы тапта Москва шаарында "Көз микрохирургиясы" ооруканасында дарыланып жатабыз. Баламдын экинчи көзүн сактап калуу үчүн дарыгерлер 26-ноябрга операция жасоону белгилешти. Бирок дарылануу жана операция кымбат тургандыктан жардамга муктаж болуп жатабыз", - дейт Кудайбергенова.

Эрмектин көзүнө операция жасатуу үчүн 6 миң доллар, ошондой эле дарыланууга акча керектелет. Кичинекей Эрмектин өмүрүнө кайдыгер карабаган колунда бар, кайрымдуу жарандардан Асель Кудайбергенова жардам күтөт.

KICB банкындагы эсеп номуру: 1280016044361446;

Элсом: 0555 88 02 50

Асель Кудайбергенованын байланыш номуру 0550076401.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Water
2018-10-15 10:02:06
Жаш бала экен, боорун ооруйт. Ылайым кудай озу шыпаа берсин!
+11
uli1234
2018-10-15 10:25:01
Эл сомуна 100сом 50 сомдон которсокда жетип калат экен
+2
gulnara2014
2018-10-15 10:26:37
Аллахым шыпаасын берсин
+5
nuri1
2018-10-15 10:55:27
Тенирим ден соолук берсин. Оорубасын.
0
Alia82
2018-10-15 13:09:42
Сбербанк карточкасы болсо жакшы болмок
Алла Таала шыпаасын берсин, омурлуу чон жигит болсун
+2
aerforce
2018-10-15 13:39:30
эххх наристе экен мындай азап ооруну бербечи аллахым мындай күнөөсүз наристеге шыпаңды берекөр
+3
nuri1
2018-10-15 14:54:12
Жараткан Тенирим жалгап оорудан сактасын.
0
aydinnur
2018-10-15 23:06:51
Ай ата(сөгүнөйүн дедим)балага оору бербесин (((Албетте колдон келгенди которобуз..ХХХХХХХХХХ
+1
Rysik17
2018-10-15 23:07:05
Жаратканым шыпаасын берсин! Эч бир наристе оорубасын
+1
Akkyz2017
2018-10-15 23:19:44
Кичинекейлерибиз оорубаса экен ((
Аллахым шпаасын берсин.
+1
Tenirova
2018-10-15 23:52:14
Урматтуу кыргыз калкым келиниздер кайдигер карабайлы. Азыркы учурда эле ушул супер инфо сайтына 12минден ашык адамкирип жатат жок дегенде50 сом 100сомдон болсо да жардам берели. ККудайым шыпасын берип айыгып кетсин. Сиздерге да берген акчаныздарга кудайым 10эсе кылып берекесин берсин. Жардамынызды аябагыз.
+1
aydinnur
2018-10-16 00:02:32
Ээси окуп калса же супер инфо тактап койгулачы, Россиядан которолу десе , өйдөдө жазган эсеп номери ачылбай жатыптыр..
+1
adiaza
2018-10-16 09:00:38
Сбербанктан да карточка ачтырып алса жакшы болмок экен, Кыргызстандын паспорту менен ача берет россияда да кыргыздар коп алар да кайдигер карабайт эле, карта ачыш бекер любой сбербанктын филиалынан
0
adiaza
2018-10-16 09:07:12
50 100 рубльдан которсок да билинбей коп чогулат Асель эже эгер окуп атсанар сбербанктан карта ачтырыныз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан