Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаганда социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Парламент жыйынында эл өкүлү анын сунушу социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айткан. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири төмөндөгүдөй болду.
Сооронкулова социалдык тармактарда тараган жалган маалыматтарды көзөмөлдөө татаалга турарын белгилейт.
"Социалдык тармактарда адамдын ар намысына шек келтирген сөздөргө мыйзамдын таасири жок деген норма жок. Кадимкидей эле мыйзам иштейт. Мисалы, кайсы бир адам башка адамды шылдыңдап, жалаа жаап жатса жоопкерчиликке тартууга тоскоолдук жок, сотко берүүгө болот. Негизинен социалдык тармак жаңы нерсе болгондуктан ал жакка тараган жалган маалыматарды жөнгө салуу кыйын. Мисалы, социалдык тармакка чыккан маалыматка кайра төгүндөөчү маалымат жаз деп кимге кайрылмак элек, ошол тармактын ээсинеби? Бул жерде мыйзамдын күчү жетишпей калат”, - деди Сооронкулова.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова, адвокат Нурбек Токтакунов, жарандык активист Адил Турдукулов, медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.