Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаганда социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Парламент жыйынында эл өкүлү анын сунушу социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айткан.
Мындан улам SUPER.KG порталынын "Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?" деген соболуна эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова жооп берди.
Ал жакында эле интернетке ал жөнүндө такталбаган маалымат таратылып кеткенин айтты.
"Күнөөсү далилденбей туруп эле бир адамды күнөөлөп салган туура эмес. Бирок азыр тастыкталбаган маалыматтарды да социалдык тармактарга жазып салышууда. Ар бир пикир калтыруучу адам сотко айланып алды. Албетте, анын артында фейктер же бир буюртмачы турган болот. Укуктук мамлекетте жашагандан кийин эч кимдин тастыкталбаган маалымат менен адамды күнөөлөп, жамандаганга акысы жок. Мен жөнүндө да Касымалиева (Аида Касымалиева – ред.) такталбаган маалыматтарды айтып салды. Бирок аны Башкы прокуратура тастыктаган жок да. Социалдык тармак жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбегенден кийин ага такталбаган маалымат жазган адамды кантип жазалайт элек? Ар бир жаран дагы маалыматты тактап, туура тандоону билиши керек. Маселенин бир эле чечими бар – бул жарандардын билим деңгээлин жогорулатуу. Ал эми мыйзам боюнча чара көрүү жагын ошол демилгелеп жаткан депутаттар карап көрсө болот. Бирок биротоло оозду бууп койгон да туура эмес. Себеби демократиялык мамлекетте жашап жатабыз. Сөз эркиндиги деген нерсе бар", - деди Мамытова.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, жарандык активист Адил Турдукулов, медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.