Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 50 жашка толду. SUPER.KG порталы эл өкүлүнүн эмгек жолун жана жамактап сүйлөгөн сөздөрүн тизмектеп чыкты.
Момбеков Жогорку Кеңешке депутат болуп 2015-жылы VI чакырылыш менен келсе да 3 жыл аралыгында өкмөттүн ишин тартынбай сындаган, коомдогу ар кыл көрүнүштөргө жана кайсы бир талаш-тартыш маселелер боюнча өз оюн ачык айткан депутат катары тааныла алды. Анын сүйлөгөн ар бир сөзү интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынып, айрым сөздөрүн күлкү коштойт. Бирок эл ичинде аны "популист" катары сындагандар да жок эмес.
Рыскелди Момбековдун өмүр баяны.
Ал 1968-жылы 13-октябрда Талас облусундагы Киров районунун Шекер айылында туулган.
2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
2014-жылы Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2010-жылы Мамлекеттик маданият агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөттө маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу;
2011-2012-жылдары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
2012- жылы "Учкун" акционердик коомунун башкы директору;
2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат.
Рыскелди Момбеков жергиликтүү маалымат каражаттарына өзү тууралуу маек бергенде 2010-жылы бийлик алмашканга чейин укук коргоочу болгонун, оппозициялык гезиттерде баяндамачы, башкы редактордун орун басары жана башкы редактор болуп иштеп келгендигин айткан. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен жакын мамиледе болуп калышы оппозициялык гезиттерде иштеши жана журналисттик кесибине байланыштуу. Ошондой эле анын үзөңгүлөштөрү Момбековдун акыркы 8 жыл аралыгындагы карьералык өсүшүнүн артында Атамбаевдин колдоосу турарын айтып келишет.
Момбековдун жамактап сүйлөгөн сөздөрү:
2017-жылдын 6-апрелинде парламентте транспорт министрине: "Транспорт министри бизде "монстр" болду, чакырсаң келбейт. Эркелеп келген министр эртелеп кетчү эле";
2017-жылдын 15-июнунда парламентте саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге: “Жогорку Кеңешке келгенде келесоо болуп калат экенсиз, башка жакта сагызгандай сайрайсыз”;
2017-жылдын 9-ноябрында парламент жыйынында жол кырсыгы боюнча: "Кыргыз өлкөсүндө каскадёрлордун кастинги, шумахерлердин тренинги өтүп жатабы?”;
2017-жылдын 21-декабрында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго: "Сизге Улуттук банкты 49 жылга ижарага бериш керек болуп калды. Кубанычбек Кулматовго Бажы кызматын берели";
2018-жылдын 8-декабрында итке калпак кийгизген окуясы боюнча: "Эскирип бараткан жылдын этегинде кылым карыткан кыргыздын улуттук байлыгы болгон калпакты итке кийгиздик. Итти Кыргыз кылдык, Кыргызды ит кылдык”;
2018-жылдын 30-мартында өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып: “Өкмөт мүчөлөрү сөз сураганда 40 мүнөт сурайт. Жасаган иштерин айтса 3 мүнөт көптүк кылат. Буларды топтоп эле "сармерденге" жибериш керек";
2018-жылдын 20-апрелинде жаңы өкмөттүн курамын бекитүү учурунда: "Балдардын өкмөтү бат эле кетип, чапанын сүйрөгөн чалдар өкмөтү келиптир";
Ошол эле жыйында депутат Закир Шараповдун болочок өкмөткө берилчү суроолорду чектөө сунушуна: "Аткаруу бийлигине адвокаттык кылбагыла! Эшеги суудан өткөндөн кийин басып да келбейт. Ошону менен Орозо, андан ары Көчмөндөр оюндары, андан кийин көпкөндөрдүн оюну деп Жаңы жылга кирип кетебиз";
Эл өкүлү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган жаңы өкмөткө: "Жаңы өкмөттүн курамын мурунку эле программа. 40 кадам деди, 40 адамды алып келди, жыйырмасы жыдып кетти, жыйырмасы жылып кетти. Ошол эле сөздөр, ошол эле көздөр";
2018-жылдын 26-апрелинде парламент жыйынында: "Бюджет" деген сөз ушул кыргыздардын эле "бүт жейт" деген сөзүнөн алынса керек. Жегендин, дегендин баары эле ошол бюджетте";
2018-жылдын 13-сентябрында парламент жыйынында: Көчмөндөр оюндарынын жабылышында өкмөт башчы Черчиллдин тилинде сүйлөп жатат. Эл үчүн англис тилин эмес, эне тилди, экономиканын тилин билген премьер-министр керек" деген сөздөрдү айтып келет.
13-октябрга карата жылнаама.