Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда мугалимдерди, окуучуларды мажбурлап театрга билет алдырышып жатканы тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман кабарлаган эле.
Ал "Биздин мектеп" деген кинону көрүү үчүн окуучулар 60 сомдон, мугалимдер 100 сомдон милдеттүү түрдө билет алып, бирок көрүшпөгөнүн айткан. Ошондой эле билетти милдеттүү түрдө сатып алуу Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругу экенин билдирген.
Бул боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Козуев: "Бизде андай буйрук чыккан эмес. Уюштуруп берүү боюнча облустук билим берүү бөлүмүнүн, райондук администрациясынын каты бар. Тасманы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коому коюп жүрөт. Спектаклди же кинону көрүүгө эч ким мажбурлаган жок", - деди.
Мындан сырткары тасманы көрбөй калган окурмандар билеттин акчасын кайтарып ала алышарын кошумчалады.
Белгилүү болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Жаштар биримдик" коомдук фондуна концерттик программа менен тасманы көрсөтүүгө көмөктөшүү боюнча өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кат жөнөтүлгөн. Катта "Концерттин жана кинонун сюжети аркылуу балдардын патриоттук сезимин ойготуу жана жаштар арасындагы ынтымакты бекемдейт деген максатта, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине концертти жана кинону мектеп окуучуларына, эмгек жамаатына каалоосуна жараша көргөзүү мүмкүнчүлүгүн кароого жиберет", - деп айтылат.
Дал ушундай кат Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын, Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн атынан Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө келген. Кийин мектептерге концертти уюштуруп берүү тууралуу кат жиберилген.
"Жаштар биримдик" коомдук фонду мектептерге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу жаштар тарабынан даярдалган концерттик программаны көрсөтүп жүргөнү белгилүү болду.