Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев: “Социалдык тармакты көзөмөлдөө кыйын, болгону тартип киргизүү керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаганда социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Парламент жыйынында эл өкүлү анын сунушу социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айткан.

Мындан улам SUPER.KG порталынын "Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, интернет колдонуучулары тарабынан бирөөнү ашкере каралаган жалган маалыматтар сот тарабынан төгүндөлүшү керек.

“Эгер интернетке кайсы бир адамды каралаган, жалган маалымат чыкса ал сот тарабынан төгүндөлүп, башка маалымат каражаттарына да жайгаштырылышы керек. Эгер социалдык тармактын колдонуучусу бирөөнү ашкере каралап, кадыр-баркына шек келтирсе, ал сот тарабынан төгүндөлүшү керек. Анан ошол колдонуучу бардык интернет колдонуучулар таанышкандай шартта жарыялашы зарыл. Төгүндөөнү дароо өчүрүп салбай, ал бир ай турушу керек. Мен ушундай мыйзам долбоорун сунуш кылгам. Бирок эч ким түшүнгөн эмес. Азыр деле депутаттар ошол маселени көтөрүп жатышат. Бизде интернет колдонуучулары башка өлкө жарандарынан өзгөчө деп айтуудан алысмын. Бардык эле өлкөдө саясатчыларды сындашат, шылдыңдашат. Бирок айырмасы аларда тартип бар. Эгер туура эмес маалымат тараса ал адамга же маалымат каражатына чоң суммада айып салынат да, төгүндөө маалымат бардык жакка жарыяланат.

Бүгүнкү күндө социалдык тармактын колдонуучуларынын аракеттерине чара көрө албайбыз. Бирок фейк баракчаларга чара көрүү керек. Мисалы, Казакстан буга чара көргөн”, - деди Бекешев.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, адвокат Нурбек Токтакунов, жарандык активист Адил Турдукулов, медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан