Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаганда социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Парламент жыйынында эл өкүлү анын сунушу социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айткан.
SUPER.KG порталы "Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?" деген соболуна медиа эксперт Азамат Тынаев жооп берди
Тынаевдин пикиринде, интернет колдонуучуларына бөгөт коюуга болбойт.
"Биринчиден, мен депутаттардын сунуштарына мамилем терс. Анткени мыйзамда тийиштүү нормалар каралган. Мыйзамдар мурда эле кабыл алынып, керектүү учурда иштеп келет. Керек болсо кээде күчтүү иштейт. Муну мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин “Заноза” сайтын сотко беришин мисал келтирсек болот. Эгер кайсы бир депутатка бирөөнүн жазганы жакпаса анда ал сотко арызданып, каалаган тарабы менен соттошо алат. Сот болсо мүмкүнчүлүктөрүнө карап айып тагат. Бирок биз өзүбүздү эркин, демократиялык багыттагы, сөз эркиндиги маани берген өлкө деп эсептесек бул абалга башка көз караш менен карашыбыз керек.
Интернет колдонуучуларына эч ким бөгөт коё албайт. Элдин оозун жабуу мүмкүн эмес. Эгер мыйзам чегинде чек коюлса анда эл башка мүмкүнчүлүк табат. Интернет колдонуучулардын кыймыл-аракети саясатчылардын тынчын кетирип жатса, анда алар жалпы эле саясий маданият тууралуу кеп баштап, кызыкдар болгон тараптарды баарлашууга чакырсын. Биз медиа эксперт катары депутаттардын түшүнбөй жаткан жерин айтып берип, алардын да бизге карата көйгөйлөрүн угабыз. Ушундай диалогдун жолу менен эки тарапты канааттандырган чечимдерди табарбыз.
Интернет колдонуучулар чектен чыгат деп айтылат. Бирок бул ар бир адамдын маданий деңгээли, тарбиясына жараша болот. Түшүнбөстүк ушул жерден чыгууда. Саясатчылардын пикири боюнча кайсы бир пикир каралоо болсо, ал кийинки адам үчүн нормалдуу көрүнүш. Буга юридикалык жактан талдап баа берүү кыйын. Эгер өлкөдө мыйзамдар так сакталса, соттор адилет пикир чыгарып, айнектей таза иштесе, анда мен саясатчылардын көтөргөн демилгесине макул болмокмун”, - деди Тынаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова, жарандык активист Адил Турдукулов, адвокат Нурбек Токтакуновдун пикири бул шилтемеде.