Улуу Британияда 12-октябрда дүйнө элинин көңүлүн бурган дагы бир үлпөт той өттү. Ханыша Елизавета IIнин небереси, ханзаада Эндрю менен Сара Фергюсондун кызы 28 жаштагы ханбийке Евгения Йоркская сүйүктүүсү Жек Бруксбэнкке турмушка чыкты.
Үлпөт тойго ханыша Елизавета II, ханзаада Филипп Эдинбургский, ханзаада Чарльз Уэльский баш болгон үй-бүлө мүчөлөрү, белгилүү актёр, актрисалар, модель, дизайнерлер катышты.
Ханбийке Евгениянын үлпөт көйнөгү дизайнерлер Питер Пилотто жана Кристофера Де Воско таандык. "Көйнөк тууралуу үлпөт тойду жарыялаганда эле ойлонуп, чечим кабыл алып койгом. Кайсы дизайнерге барарымды, көйнөк кандай болорун билгем", - деп ханбийке маектеринде айтканы бар.
Ханбийкеге 12 жашында омурткаларын түздөө боюнча операция жасалып, андан кийин тырык калган. Муну жашырууну каалабаган ханбийке көйнөгүнүн үстү жагын ачык кылып тиктирип, фата кийүүдөн баш тарткан.
Түгөйлөр 8 жыл сүйүү мамилесин кургандан кийин үйлөнүп жатышат. Алар маалымат каражаттарына берген маегинде Швейцариядагы тоо-лыжа курортунда таанышканын айтып беришкен. Алардын үйлөнүшү тууралуу маалыматты Букингем ордосу 2018-жылдын 22-январында жарыялаган. 32 жаштагы Жек Бруксбэнк падыша үй-бүлөсүнөн эмес. Бирок анын ата-бабалары ак сөөктөрдөн болушкан. Жек Бруксбэнк - алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу Jack Brooksbank Ltd компаниясынын негиздөөчүсү.