Чүй облусунун Беловодское айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Айжамал Токтогулова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда апасы Адиля Өмүркулова SUPER.KG порталына кабарлады.
Өмүркулованын айтымында, Айжамалдын кабары тууралуу Бишкек шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунан кабарлашкан. "Кызым, аман экен. Реабилитациялык борбордон чалып кызымды 2 ай мурун алып келишкенин айтышып, сүрөттөрүн жөнөтүштү. Аталган борборго аны милиция кызматкерлери жеткирген экен, бирок Айжамал ата-энем жок деп айтыптыр. Бүгүн барайын десем дем алышта жетекчилиги иштебей, балдар менен жолуктурушпайт экен. Дүйшөмбү күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Кызымды табышууга жардам көрсөткөн бардык адамдарга ыраазымын" - деди Өмүркулова.