Салык кызматынын төрагасы: "9 ай ичинде салыктык төлөмдөрдөн 57 миллиард 500 миллион сомго жакын каражат түштү"

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында 2018-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын алдын ала жыйынтыгы тууралуу маселе талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фракция жыйынына Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаровдун маалыматы боюнча 9 айда салыктык төлөмдөрдөн түшкөн каражат 57 миллиард 479 сомду түзгөн. "Бул салык түшүрүүнүн болжолдонгон көрсөткүчүнө карата 101 пайызды түзөт. Республикалык бюджетке болжолдонгон 46 миллиард 310 миллион сомдун ордуна 46 миллиард 485 миллион сом түштү. Бул болжолдонгон көрсөткүчкө карата 104 пайызды түзөт. Жергиликтүү бюджетке салыктан түшкөн каражат 10 миллиард 993 миллион 9 миң сом. Ал болсо болжолдонгон 11 миллиард 105 миллион 5 миң сомдун ордуна түшүп, аткаруу көрсөткүчү 99 пайыз болду”, - дейт Абжапаров.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев өз баяндамасында, аталган кызматтын төлөмдөрдү жыйноо планы 30 миллиард 738 миллион сом болсо, иш жүзүндө 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 30 миллиард 838 миллион сом чогултулуп, болжолдонгон көрсөткүчкө салыштырмалуу 100 миң сомго көп болгондугун белгиледи. “Биз жыл соңуна карата бажы төлөмдөрүнөн планга коюлган 39 миллиард сомду 42 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатабыз”, - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан