Парламенттик угууда Ысык-Көлдүн экосистемин сактоо маселелери боюнча резолюция кабыл алынды

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 12-октябрда "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн эксперттер эң биринчи кезекте Ысык-Көл аймагындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоого каржы бөлүү зарылдыгын көтөрүп чыгышты. Ошондой эле арыктарды, каналдарды, саркындуу сууларды тазалоодо жаңы технологияларды колдонуу маселеси белгиленди.

Мындан сырткары 2019-жылды Айлана-чөйрөнү коргоо жылы деп жарыялоо демилгеси дагы көтөрүлдү. Талкуу маалында чыгып сүйлөгөндөр Ысык-Көл Кыргыз мамлекетинин экологиялык тазалыгынын символу болушу керектигин билдиришти.

Парламенттик угуунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү резолюция кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан