Бир жыл мурун Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Адатта мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер мыйзамга таянып кабыл алынса, мумия окуясында "көзү ачыктардын" келтирген жүйөлөрү басымдуулук кылган.
МУМИЯ ЖӨНҮНДӨ...
Белгисиз кыздын мумиясы 1956-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги Тарых музейине өткөрүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, мумия IV-V кылымдарга таандык. Ал арчадан жасалган табытка салынып көмүлгөн. Борбор Азия боюнча жалгыз мумия Мамлекеттик тарых музейинде сакталып келген. Табылгандан бери аталган мумияны иликтөөгө алып, анын жыйынтыгын жарыялап, тиешелүү тарыхый баа берүү иштери жүргүзүлбөй келген. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган мумия тарых музейинде 60 жылдан бери тургандыгын, бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эместигин билдирген. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жок экени себеп болгон. Бирок мумия көмүлгөнү менен, кийин аны изилдөө керек болуп калса мүмкүнчүлүк бериле тургандыгын айтышкан.
МАКСАТЫНА ЖЕТКЕН КӨЗҮ АЧЫКТАР
Өзүн көзү ачык, айтымчы атагандар мумия көмүлбөгөнү үчүн Кыргыз жеринде кырсыктар көп болуп, музейге киргендер ооруга чалдыгып жатканын айтып министрликке кайрылышкан. Бул боюнча министрликте комиссия түзүлүп тез арада парламенттик комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн. Атайын комиссия 10 мүнөттө мумияны жерге берүү чечимин кабыл алганы маалым болгон. Демилгеси ишке ашкан көзү ачыктар мумия жерге берилгени үчүн президенттик шайлоо тынч өттү дешкен. Чындыгында мумия чыры Кыргыз коомундагы дин менен илимдин көптөн бери келе жаткан кагылышын көрсөтүүдө. Светтик өлкөдө мамлекеттик органдардын илим боюнча чечимине диний ишеним, "көзү ачыктар", "бүбү-бакшылар" үстөмдүк кылбашы керек эле.
АРХЕОЛОГДОР: "МУМИЯНЫ КАЙРА КАЗЫП АЛУУ КЕРЕК"
Кыргыз археологдору жана тарыхчылары мумияны көмүүгө демилгечи болгондорду вандализмге күнөөлөшкөн. Алар мумиянын археологиялык баалуулугун айтуу менен аны казып, ордуна кайтарууну талап кылышкан. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун директорунун орун басары Кадича Ташбаева: "Аталган мумия жаткан жерге суу жана аба кирбей жакшы сакталган. Аны изилдөө менен жашын аныктоого мүмкүн эле. Мумиянын кийген кийимдери да жакшы сакталган. Кийимдеринде Кытайда тигилген жибектер бар эле. Аны изилдешибиз керек болчу. Ошондой эле ДНКсын изилдөө менен ошол учурдагы ооруларды аныктасак болмок", - деген.
МУМИЯ САТЫЛЫП КЕТКЕНБИ?
Мумиянын көмүлүшү коомчулукта талкуу болуп жатканда анын сатылып кеткени тууралуу пикирлер айтылган. Парламентте бул маселе көтөрүлгөндө депутат Рыскелди Момбеков өз убагында ал сөөктү 500 миң долларга сатууга чет өлкөдөн кардар чыкканын айткан. Абройлуу дүйнөлүк музейлерден өзгөчө корголгон экспонаттар уурдалып, "кара рынокто" чоң акчага сатылып жатканын эске алганда, жарым миллион долларга бааланган мумия коррупцияга баткан аткаминерлерди сөзсүз азгырат. Жерге берүүдө тартылган сүрөттөрдөн мумиянын үстү жабык болуп табыттын ичинде сөөк бар же жок экени көрсөтүлбөгөндүгү "мумия чет өлкөгө сатылып кетти" деген версияны да жаратат.
МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ МУМИЯ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков дал ушул мумия чырынан кийин кызматтан кеткен. Ал мумиянын көмүлүшүн 60 жыл ичинде сөөктүн үстүнөн бир да жолу илимий изилдөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтып, муну өлкөдө изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жок экендиги менен түшүндүргөн. Мындан тышкары Түгөлбай Казаков этикалык мүнөздөгү себеп катары "биз мусулманбыз, шариатка ылайык, көз жумган адамдын сөөгүн узакка сактаганга болбойт" деген. Журналисттердин илим, археологиялык табылга тууралуу суроолоруна "жооп бербейм" деп кол шилтеп басып кеткен. Казаковдон кийин маданият министри болуп келген маркум Султан Жумагулов Баткенде жерге берилген мумияны кайрадан музейге алып келүү тууралуу оюн билдирген.
Мумиянын жерге берилиши коомдо талкуу болуп жатканда Жогорку Кеңештеги социалдык комитетте атайын жумушчу топ түзүлгөн. Алар Баткенде жерге берилген мумияны кайра казып, мурдагы ордуна - Мамлекеттик тарых музейине кайтаруу чечимин кабыл алышкан. Азырынча эксгумация ишке ашырыла элек.