Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дене сөөктөрүнүн сейрек оорусунан жабыркаган Гүлмайрам Алимбай кызынын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын жолдошу Максат Исхаков дагы экинчи топтогу майып болуп саналат. Гүлмайрам Алимбай кызынын айтымында, дарыгерлер аларга балалуу болбоону сунушташкан, себеби мындай сейрек оору ымыркайдын да ден соолугуна таасир бериши мүмкүн эле. Бардык кооптонууларга карабастан алар жакында жаш ата-эне болушту.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аларды бул кубанычтуу кабары менен куттуктады.
Алтынай Өмүрбекова өзгөчө белгилегендей, калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ал өлкө өкмөтү бул багыттагы ишмердүүлүгүн улантарын ишендирип кетти.
Мындан тышкары Бишкек шаардык Ленин районунун мамлекеттик администрациясына социалдык жөлөк пулдарды өз убагында төлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле эне жана баланы тийиштүү медициналык камсыздоодо жардам көрсөтүү тапшырылды.