Кыргыз өлкөсүндө бүгүн, 14-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми эртең, 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү мүмкүн. "Тоолуу унаа жолдор менен сапарга чыгайын деп жатсаңыз, сөзсүз түрдө автоунаанын дөңгөлөгүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну эскертебиз. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу", - деп жазылат маалыматта.