2018-жылы республика боюнча кант кызылчасы 16 261 гектар жерге себилген. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү 750 миң тонна болот деп күтүлүүдө. 2017-жылы кант кызылчанын түшүмү 712,3 тонна жыйналган. Бүгүнкү күндө 3,8 миң гектар жерден 192,8 миң тонна кант кызылчасы жыйналды.
“Кайыңды-Кант” ААКсы заводу суткасына 3 тонна кант кызылчасын кайра иштетип чыгарса, “Кошой” ААКсы заводунун күчү суткасына 2,5 тонна кант кызылчасын иштеп чыгарат. 2017-жылы Кайыңды-Кант” заводу 442, 8 тонна кумшекер өндүрсө, “Кошой” заводу 185 тонна кумшекер өндүргөн", - деп жазылат маалыматта.