Бүгүн, 14-октябрда "Чычкан" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө бүгүн эртең менен алынган. Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү автоунаанын дөңгөлөгүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну эскертти.
Кечээ, 13-октябрда Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу жолдорунда кардын калың жаагандыгына байланыштуу аталган постко убактылуу чектөө киргизилген.