Баткенде кутурган иттер талаган 8 жашар баланын абалы жакшырды. Иттер изделүүдө

Баткен облусуна караштуу Ак-Турпак айылында кутурган ит талаган 8 жаштагы баланын абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8 жашар баланы бир нече ит талаган.

"Бала ооруканага оор абалда келип түшкөн. Дарыгерлер баланы медициналык кароодон өткөрүп дароо операция жасашкан. Ошондой эле эмдөөдөн өткөрүшкөн. Азыркы тапта баланын абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ал эми Баткен облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору балага кол салган иттер жана алардын ээлери изделип жатканын кабарлады.

Айта кетсек, 12-октябрда Баткен облусуна караштуу Ак-Турпак айылында талаада иштеп жаткан атасына тамак алып бараткан 8 жаштагы баланы ит тиштеп алгандыгы белгилүү болгон.

Баткенде иттерге таланып ооруканага түшкөн 8 жашар баланын абалы жакшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bars88
2018-10-15 09:51:29
Итти бага албагандан кийин не кылышат багып.Баканга жараша байлап тамак берип караса болот да.Ээсин кошо кармаш керек бош коё берген
+8
Pamirlan
2018-10-15 09:59:14
жолбун иттер көбөйдү
+4
Alia82
2018-10-15 13:06:31
Жакшы жанылык айыгып кетсин Кудай сактасын
+2
patiydin
2018-10-15 13:42:25
Эл журт бул жерге куудул Тынар Курбаналиевди чакыргыла! Ал Карабас тан баарын ХХХХХХХ кылат!
0
ice87
2018-10-15 16:02:22
Сакайып кетсин!Аллах шыпаасын берсин!
+1
aiba.8327
2018-10-15 23:17:11
Бишкектеги жаны конуштар да кишилерден иттер коп болуп кетти...АК Ордо3 то
+1
kairhai
2018-10-15 23:27:52
Тезирээк сакайып кетсин. А иттерди жүгөрү талаанын арасынан издегиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан