Айыл чарба министринин орун басары: "Кой-эчкилер 2019-жылдан тарта идентификациядан өткөрүлөт"

Кой-эчкилер 2019-жылдан тарта идентификациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Депутат Асылбек Жээнбеков малдардын так санын эч ким билбей турганын айтты. “Малды каттоону жакшы өткөрүү керек. Ийри мүйүздүү мал, жылкылар идентификациядан өттү. Кой-эчкилер идентификациядан качан өткөрүлөт? Жайыттарды колдонуу боюнча пландар барбы?” - деп сурады депутат.

Министрдин орун басары малды идентификациядан өткөрүү Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясына тиешелүү экенин билдирди. “Кой-эчкилер 2019-жылдан тарта идентификациядан өткөрүлөт. Жайыттарды пайдалануу боюнча пландар бар”, - деди Керималиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2018-10-15 11:58:24
майда жандыктарды жон эле коюш керек да, ага да канчалаган расход кетет, майда жандык бугун бар эртен жок, союшка жарары менен эле союлат, андай болсо тоокко да таккыла
+1
Flowhive
2018-10-15 12:30:21
Бирка тагып койсо эле, идентификация болуп калабы....эптеп акча жеш экен да
+1
patiydin
2018-10-15 13:54:01
Бул кайсыл жегичтердин пикири экен? Майда жандыкты ар айсайын катто керек. Себеби биздин Эл келген конокторго майда жандыкты соймою адаты бар.
+1
777bazamat
2018-10-15 16:40:43
Малдын так санын билбейбиз деп шылтоолобой эле он кой, он эчки, эки бодон ашкандарга салык салаабыз деп эле туз айтпайбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан