Депутат: "Былтыр дыйкандар картошкасын жазга чейин сакташып, өтпөй калып арзан баада сатышкан"

“Былтыр дыйкандар картошкасын жазга чейин сакташып, өтпөй калып арзан баада сатышкан” деп бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Абылкайыр Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда картошканын баасы 6 сомдон болуп жатат. Ал дыйкандар картошкасын кайда сатарын билбей жатканын кошумчалады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев: “Картошка Өзбекстанга экспорттолуп баштайт. Өзбекстандын чек арасы жабылгандан улам картошка өтпөй калган. Мамлекет тарабынан жашылчаларды сактоо иштери жүрүп жатат. Дыйкандарга жазында кандай өсүмдүктөрдү эгүү керектиги айтылат”, - дейт министрдин орун басары.

Депутат министрлик дыйкандарга сунуш бербей жатканын айтты.

Учурда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Үрөн жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан