Япон өкмөтү Кыргыз өлкөсүнө 16 миллион 3 миң доллар грант берет. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда бюджет жана финансы комитетинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
Калиловдун билдиришинче, Япон өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык Талас-Тараз жолундагы Үрмарал суусундагы көпүрөнү кайра оңдоо боюнча Япон тарап гранттык каражат бөлгөн.
“Бул 3 өткөөлдү бириктирген көпүрө болуп, жалпы узундугу 103 метрди түзөт. Бул көпүрө экологияга эч кандай зыяндуу таасирин тийгизбейт, бардык эрежелер сакталган”, - деди Калилов.
Бюджет жана финансы комитети бул гранттык макулдашуунун долбоорун бир добуштан колдоп берди.