Депутат Назаров: "Эксимбанкка" төлөгөн айып пул боюнча ким жооп берет? Күнөөлүү адамды кызматтан кетирип эле чектелебиз"

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Айтмамат Назаров Кытайдын “Эксимбанкына” төлөгөн айып пул боюнча ким жооп бере турганын сурады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев Кытай тараптан алынган насыя өз убагында өздөштүрүлбөй калганы үчүн 4 миллион 622 миң доллар төлөнгөнүн айтты. “Бул боюнча өкмөттө долбоор даярдалып жатат. Тийиштүү агенттиктер жооп берет. Каржы министрлигине тиешелүү эмес. Ким кемчилик кетирсе ошолор жооп берет”, - деди министр.

Депутат: “Күнөөлүү адамды кызматтан алуу менен эле чектелебиз. Бирок мамлекет зыян тартып жатат”, - дейт.

Учурда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк сатып-өткөрүү чынжырчасын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу каралууда.

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында 9-октябрда Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов "Эксимбанкка" 4 миллион 622 миң доллар комиссия төлөнгөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан