Алдыңкы 2 күндө абанын температурасы төмөндөсө, Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилет. Бул тууралуу Бишкек жылуулук ишканасынан айтышты.
"Алдыңкы күндөрү аба ырайын байкап турабыз. Эгерде абанын температурасы төмөндөп кетсе, 17-октябрь күнү мекемелер менен бирге жылуулук берүү боюнча чечим чыгарабыз. Жылуулук ошол эле күнү бериле башташы мүмкүн. Азыркы тапта биз буга толугу менен даярбыз", - деп кабарлады Бишкек жылуулук ишканасынан.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, келерки аптада Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.
Маалым болгондой, абанын жылуулугу 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгон учурда жылуулук бериле баштайт.