Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары кайрадан жол кирени көтөрүүнү сунушташууда. Шаар башчысы Азиз Суракматов демилгени колдобой турганын мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев социалдык түйүндөгү баракчасына жазды. Анын белгилешинче, Суракматов жол кирени көтөрүүнү коё туруп, айдоочуларды жол эрежелерин сактоону жана жүргүнчүлөр менен мамиле куруунун маданиятын көтөрүүнү сунуш кылды.
"Өткөн жумада Бишкектин мэри Азиз Суракматов менен жолугушкан айдоочулар жол кирени көтөрүү маселесин дагы бир сыйра козгошту. Шаар башчы "акчаны коё туруп, биринчи кезекте айдоочулар унаалардын санитардык, техникалык абалын оңдоп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактап, жолдо жүрүү эрежелерин бузбай, жүргүнчү менен мамиле куруу маданиятын көтөрүшү керек" деген мааниде жооп кайтарган", - деди Түлөбаев.