Боорун алмаштырууга муктаж болуп жаткан Мээргүл Анарбек кызы операция жасатуу үчүн Индияга учуп кетти

Боорун алмаштырууга муктаж болуп жаткан Мээргүл Анарбек кызы операция жасатуу үчүн Индияга учуп кетти. Бул тууралуу кыздын апасы Шаангүл Таштанбекова SUPER.KG'ге 15-октябрда кабарлады. Таштанбекова кыска убакыттын аралыгында кызына моралдык жана материалдык жардам көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирди.

"Кызымдын жардамга муктаж экени коомчулукка белгилүү болгон соң көптөгөн кайрымдуу адамдар бизге жардам колун сунушту. Ар кандай суммадагы акчаларды которушуп, абалыбызды сурап жатышты. Кайрымдуулук, коомдук фонддор да четте калбастан керектүү каражат чогултууга чоң көмөк көрсөтүштү. Аз убакыттын ичинде акча чогуларына ишенген эмесмин, бирок боорукер, кайрымдуу адамдар көп экен, минтип операция жасатууга камынып жатабыз. Материалдык, моралдык жана маалымат жактан жардам көрсөткөн бардык мекендештерибизге рахмат айтып, ыраазычылык билдирем", - дейт Таштанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Qwer007
2018-10-15 16:53:17
Аллах шыфа бересин
+8
nuri1
2018-10-15 16:56:28
Тенирим жалгап, баары ийгиликтуу болуп кетсин эми.
-3
bessmertiy
2018-10-15 17:16:56
Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин.
+7
i1urp
2018-10-15 17:29:21
Жараткан Тенир ден соолук берсин.
-3
BoDiNur
2018-10-15 20:30:07
Аллахым омур берсин!!! Ким донор болду экен
+2
Abdizhapar
2018-10-16 03:55:47
Алла шыфаасын берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан