Биринчи Май райондук соту журналисттер сот залында отургандарды сүрөткө тартып алып жаткан эшиктин жыртыктарын жаап салды

Биринчи Май райондук соту журналисттер сот залында отургандарды сүрөт жана видеого тартып алуусуна мүмкүнчүлүк жараткан эшиктин жыртыктарын жаап салды.

Буга чейин аталган райондук соттун бөлмөлөрүнүн эшиктеринде жыртыктар-тешиктер бар болгондуктан жабык эшик артында өтүп жаткан сот отурумун журналисттер видео жана сүрөткө тартып алып келишкен.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы аталган райондук соттун бир гана бөлмөсүнүн эшигиндеги жыртык-тешик жабылганын билдирди. Маалым болгондой, ал болгону убактылуу катуу кагаз менен жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bars_wire
2018-10-15 17:30:07
ой баай
0
Jin1209
2018-10-15 18:10:40
Союз убагы болбогондо бул эшик да жок болсо керек эле, полу тытылгаан, дубалдары кочкооон эмнеси болсо да ошол жерден канча адамдардын тагдыры чечилди экен....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан