"ЭЛДИК КАБАРга" жооп. "Манас" аэропорту: "Стамбулдун аэропортундагы жарандар Бишкекке учуп келишти"

Стамбулдун "Сабиха Гөкчен" аэропортунан Бишкекке уча албай жаткан жүргүнчүлөр бүгүн, 15-октябрда учушту. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аэропорто калган жүргүнчүлөрдүн көбүнчөсү рейс кармалып жаткан учурда мейманканага жайгаштырылган.

"Стамбулдан Бишкекке келе турган рейс учту. Ал эмне себептен мынча убакытка кармалганы тууралуу маалымат кошумча берилет", - деп билдирди маалымат кызматы.

Айта кетсек, буга чейин окурмандар "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына кайрылып "Эки күндөн бери Стамбулдан Бишкекке уча турган учак белгисиз себептерден улам кармалып жатат", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан