Экс-депутат Каныбек Осмоналиев акталды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевге коюлуп жаткан айыптар негизсиз деп табылып, акталды. Мындай чечимди бүгүн, 15-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Маалыматка караганда, айыптоочу тарап 10 күндүн ичинде жогорку инстанцияга арыз менен кайрылса болот. Соттон акталып чыккан Осмоналиев "мен ушундай чечим чыгышын билгем. Себеби күнөөм жок болчу" деген пикирин билдирди.

Буга чейин прокурор экс-депутатты 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Осмоналиевге "Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизди" деген шек менен "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Suior85
2018-10-15 17:46:52
Жонокой адам тоок уурдаганда 5 жыл бермек
+5
Krai
2018-10-15 17:52:01
Эч кимге каалабайт элем бул турмону
+2
rysik79
2018-10-15 18:45:16
Мышык айткан экен экинчи чычкан жесем олойун деп. Ошонун сынары экинчи пара алсам олойун деп жатып акталды да.
+6
Jelezo
2018-10-15 21:58:53
Бул кишини Атамбаев атайын камоо үчүн жасалма иш козголгон.
0
arno2008
2018-10-16 13:06:54
Акча бар жерде,чындык чыркырап турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан