Каржы полициясы атайын эсепке дагы 8 миллион сомдон ашык акча которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Каржы полициясы) коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке акча которду. Бул тууралуу 15-октябрда SUPER.KGʹге аталган мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады.

Анын айтымында, аталган кызмат тарабынан бул жолу атайын эсепке 8 миллион 859 миң 554 сом сом өлчөмүндөгү акча каражат которулган.

"Бул акчалар экономикалык кылмыш боюнча козголгон иштерден улам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан чогулду. Мындан ары Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашырууга жана экономикалык, кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар улантыла берет," - деди басма сөз катчы.

Ошондой эле аталган мекеменин атайын эсепке которгон акча каражатынын жалпы суммасы 185 миллион 458 288 сомду түзгөндүгүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан