"Акчаны даярдагыла". Мушкер Флойд Мейвезер Хабиб Нурмагомедовго жооп кайтарды

UFC'нин чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык уюштуруучу Дежуане Блэйктин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Флойд Мейвезерди беттешке чакырган эле. Нурмагомедов "Жунгли токойлорунда бир эле хан бар, албетте, ал мен", - деп айткан.

Америкалык мушкер Флойд Мейвезер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Хабиб Нурмагомедовго жооп кайтарды.

Флойд Мейвезер "CBS, Showtime (америкалык теле жана радио каналдар) жана MGM Grand (мейманкана жана маанайшат тармактары) акчаны даярдагыла. Хабиб мени беттешке чакырды. Келгиле кайрадан Лас-Вегасты улуу кылабыз", - деп жооп кайтарды.

Айта кетсек, аталган эки мушкер тең профессионалдык карьерасында бир дагы жолу жеңилүү ызасын тартып көргөн эмес.

UFC'нин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов 27 беттеште жеңишке жеткен.

Флойд Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 беттеш өткөрүп бир дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
monster_high_98
2018-10-16 01:19:29
Эээ койчу ай,ушунунда токтотпосон точно олосун
+2
Snikers18
2018-10-16 09:28:47
monster_high_98, Хабиб андан көрө беттешке Майк Замбидисти чакырып көрбөптүр.
0
bond02
2018-10-16 01:33:44
Хабиб рингдин торт эле бурчу бар, Флойд менен боксташам десен ушуну унутпа!
+3
haydarkan
2018-10-16 02:28:52
Ээх хаба жоон эле журсон болмок баарына шугур деп. Ийгилик эми бирок коз жетпей жататта.
+3
Janybekleilekkg
2018-10-16 02:32:36
Флойд Хабибти биринчи раундта эле антарып салат
+5
Maxatbek
2018-10-16 03:38:11
Janybekleilekkg,менимче шоу кылып биринчи беш раундда тийбейт, анан каалагандай урат)))
+3
KAYRATBEK
2018-10-16 02:38:39
Ставка ойногон АРАМ. (ХАРАМ) Унутпагыла туугандарым. Жон эле койормандык кылгыла.
+3
Mina24
2018-10-16 02:45:09
Бокс эмес 8бурчка согушат 1минуттада эле эзип койот хабиб
-4
Dembele84
2018-10-16 02:52:36
Шоу кылып спорттон акча иштемей мода болуп кетти.Бокстан урушса Флойд,бой без правил болсо Хабиб утат.Бирок экоо тен кайсы туру менен урушаарын ачык айтпады....
-1
murat17
2018-10-16 10:38:04
даа спорттун деле кызыгы кетип жатат бул экоо ачык эле шоу тартуулап жатат футболдо деле акча ойноп калган элдер кимге акча коп тиксе ошол команда утулуп берип коет булардын баары еврейлер
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан